• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы эки адам каза болду. Вице-спикер Бакиров кызматын расмий тапшырды

23 Бештин айы 202014:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан эки киши каза болду. 230 ​кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1337 кишиге жетти.

Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 79 659 ​адамга жетти.

Ооруканадан айыгып чыккандардын саны — 73 561 адам.

Стационарда 1453 бейтап дарыланууда. 2414 киши ​үйдө дарыланууда.

БАКИРОВ КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ

 Бүгүн, 23-декабрда парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын тапшырды.

Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Ал эми парламенттин жыйынын экинчи вице-спикер Аида Касымалиева алып барып жатат.

«КЫРГЫЗАЛТЫНДЫН» ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары болуп Азамат Алиев дайындалды. Ал коопсуздук маселелерин карайт, деп билдиришти компаниядан.

Ал тууралуу чечимди директорлор кеңеши 18-декабрда абыл алган. Ал эми бул кызматты буга чейин Нурдин Канымбетов аркалап келген.

А.Алиев буга чейин «Алтынкен» компаниясынын башкы директорунун орун басары болчу.

Количество просмотров: 43