• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы эки бейтап көз жумду. “УКМКнын кызматкеримин» деген адам кармалды

11 Үчтүн айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

11-январга карата Кыргызстанда дагы 107 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 380 адамга жетти. Алардын 78 003ү сакайды. Соңку бир күндө 101 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1371 адамга жетти.

Ал эми, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын саны 90 миллиондон ашты. Акыркы эсеби боюнча дүйнөдө 90 260 464 адамдан вирус тастыкталган. Оорунун кесепетинен дүйнөдө 1,9 миллион бейтап көз жумду.

РЕФЕРЕНДУМ ЖАНА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров — 6,60%, Бабыржан Төлбаев — 2,31%, Мыктыбек Арстанбек — 1.66%, Абдил Сегизбаев — 1.46%, Имамидин Ташов — 1.19% добуш ашылса калган талапкерлерлин добуштары 1 пайыздан төмөн болду. Ал эми баарына каршы  шайлоочулардын 1,32% өз добушун берди.

Мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор — 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар. 3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

УКМК КЫЗМАТКЕРИМИН ДЕГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Укук коргоо органдары «УКМКнын кызматкеримин» деген адамды жасалма күбөлүгү менен кармады. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

Ага ылайык, 10-январь күнү болжол менен саат 14:55терде кайгуулчулар ордо калаадагы Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинен мамлекеттик номери жок Toyota Camry үлгүсүндөгү автокөлүктү токтотушкан.

«Автоунаанын тиешелүү документтерин текшерип жатканда анын артында отурган адам өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштегендер алып жүрүүчү  күбөлүктү көрсөткөн. Текшере келгенде документ жасалма болуп чыккан. УКМК өкүлдөрү дагы ал адам атайын кызматта иштебей турганын айткан», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кармаган жаран Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, номери жок көлүк автоунаа токтотуучу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 50