• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан эки адам көз жумду. Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

16 Бирдин айы 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 16-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде бул илдеттен эки адам каза болду. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, дагы бири Чүй облусунда.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 48 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 17 киши жана Чүй облусунда — 12, Ысык-Көлдө — 10 бейтап. Ош шаары менен Баткен облусунда жаңы учурлар катталган жок.

Оору жуккандардын жалпы саны 85 564 адамга жетти. 82 391 киши айыкты.

ЭСЕП ПАЛАТАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн «М.А.С.» аттуу улук инспекторун кармады.

Атайын кызмат 16-февралда кабарлагандай, шектүү Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөн. Ал үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айылдардын биринин башчысынан 60 миң сом алган.

Кармалган «М.А.С.» Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Анын жактоочулары же тарапташтары бул боюнча азырынча комментарий берише элек.

ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА КӨЗ ЖУМДУ

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 17-февралда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Эске сала кетсек, Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 16-февралда 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

Количество просмотров: 284