• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан төрт адам каза болду. Сариев камакта калды

25 Баш оона 2021 13:58 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан төрт адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2498 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 229 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (102) жана Чүй (46), Ысык-Көл (27) облустарында.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 576 адамга жетти.

Бир күндө 444 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 1260 адам жатат, дагы 1794 бейтап үйдөн дарыланууда.

ПЧР-ТЕСТИН БУРМАЛОО ФАКТЫЛАРЫ  КӨЗӨМӨЛДӨНӨТ

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган ПЧР-тесттен өтүү тууралуу жасалма тастыктамаларды берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуулардын фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин КР мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.

САРИЕВ КАМАКТА КАЛДЫ

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Мындай чечим 25-августта Бишкек шаардык сотунда кабыл алынды.

Сариевдин жактоочулары аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн, ушундай эле талап менен соттун алдында жүз чакты тарапкери митинг өткөргөн.

УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди «Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып менен 3-августта кармаган. Соттун чечими менен ал эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Количество просмотров: 153