• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кумтөрдөн 10 айда 26,5 млрд түштү. Суталинов УКМКга чакыртылды

24 Жетинин айы 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

КУМТӨРДӨН 26,5 МЛРД СОМ ТҮШТҮ

Кумтөрдөн мамлекеттик бюджетке 2022-жылдын 10 айынын ичинде 26,5 млрд сом түштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр алтын кени Кыргызстандын карамагына толук өтүп, беш арбитраждык соттун баары жыйынтыкталды.

“2010-2021-жылдары 11 жылда 90,8 млн доллар (5,3 млрд сом) суммасында Кыргызстанга дивиденддер төлөнгөн. Ал эми 2022-жылдын 10 айында эле Кумтөр кенинен салык, салыктык эмес жана келишимдерде каралган төлөмдөрдөн суммасы 26,5 млрд сом түздү”, — дейт ал.

Жапаров 2021-жылы 10 тонна алтын Кыргызстанда калса, 2022-жылы 17,2 тонна алтын каларын маалымдады.

СУТАЛИНОВ УКМКГА ЧАКЫРТЫЛДЫ

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов социалдык тармактагы баракчасына УКМКга сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.

«Үйгө УКМКнын кызматкери И.И. келип, саат 21:00дөн кийин кеңсеге «сүйлөшүүгө» чакырды. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамды, кандайдыр бир жашыруун органдарга», — деп жазат ал.

Эске салсак, Суталиновду Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 7-майында ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. «Кыргызстандагы кылым соту» аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жатканы айтылган. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. Жогорку сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.

ПАПИЛЛОМАГА КАРШЫ ЭМДӨӨ

Кыргызстанда 23-ноябрга карата 120 миңден ашык өспүрүм кыз папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул максаттуу топтун 50%ын түзөт.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын ноябрь айынан баштап профилактикалык эмдөө календарга ылайык, 11 жаштагы кыздарды АПВга каршы эмдөө башталган.

Эмдөө мектептердеги медициналык борбордо акысыз жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да папилломага каршы эмдөө жасалат. Вакцина алты ай аралык менен эки жолу жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 111