• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кумтөрдүн кирешесинен Нарынды өнүктүрүүгө акча берилет. Унаа жолдо эки адам көз жумду

24 Бугу 2022 14:39 Бишкек Govori.TV

“КУМТӨРДӨН” НАРЫНГА КАРАЖАТ БӨЛҮНӨТ

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган Нарын облусун өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, «Кумтөрдүн» кирешесинин 0,6 пайызын Нарын облусун өнүктүрүүгө жумшоо тууралуу буга чейин президент Садыр Жапаров аймактын жашоочулары менен жолугушууда айткан.

УНАА ЖОЛДО ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ

Бишкек — Кара-Балта жолунда айдоочу эки адамды өлтүрө сүзүп алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунан 28 чакырымында жана ошол эле жолдун 25 чакырымында бир аял, бир эркек кишини унаа сүзүп кетти.

Окуя 24 –майга караган түнү саат болжол менен 01:16 чамасында болгон.

«Жөө адамдар жолду бөлүп турган парапеттен секирип өтөбүз деп унаа алдында калып, ошол жерден каза болушкан. Экөө теӊ мас абалында болгон. Унаанын айдоочусу караӊгы жолдон эки адамдын жол ортосунан секирип келатканын көрбөй калганын айтат», — деп жазылган маалыматта.

МИЛИЦИЯДАН КАЧКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкек ШИИБдин жанынан качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан саат 08:30да 1989-жылы туулган Амалбек Замирбек уулу кармалган.

«Учурда кылмышка шектүү милиция кызматкерлери тарабынан РИИБге жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, түндө Бишкекте тергөө камагына алынган жаран качып кеткен.

Количество просмотров: 132