• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргыз-кытай чек арасы жабылат. Айсулуу 4 күндүн ичинде 2 алтын медаль тагынды

17 Үчтүн айы 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

АЙСУЛУУНУН ДАГЫ БИР ЖЕҢИШИ
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Италияда ушул күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медал тагынды. Рим шаарында өтүп жаткан мелдеште Тыныбекова 16-январда кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, жалпсынан төрт беттеш өткөрдү. Ал катары менен кытайлык жана америкалык эки балбан кызды жеңип, финалга чыкты. Ал эми алтын байге үчүн таймашта Айсулуу орусиялык балбан кызды 7:2 эсебинде утуп, алтын медал тагынды.
Айсулуу Тыныбекова мындан төрт күн мурда Түркияда өткөн турниринде дагы жеңүүчү болгон.
Айсулуу Тыныбекова 27 жашта. Ал Азиянын үч жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону жана бир катар эл аралык абройлуу мелдештердин жеңүүчүсү.


КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛАТ
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттары 24-январдан 30-январга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек ара кытай тараптын демилгеси менен (улуттук жаз майрамын белгилөө максатында) жабылат.
Өткөрүү жайлары 31-январдан баштап иштей баштайт.


КУРМАНКУЛОВДУН АБАЛЫ ЖАКШЫРДЫ
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
“Курманкуловдун колу-буттары кыймылга келип, өзү тамактана баштады. “Бирок толук айыкканча дарылануу дагы эки жарым айга уланат” деп белгилеген дарыгерлер.
Эске салсак, Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Количество просмотров: 178