• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди. Батирден карыянын сөөгү табылды

11 Аяк оона 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДА ЖЕР СИЛКИНДИ

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 7:54тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БАТИРДЕН КАРЫЯНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте батирлердин биринен 83 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин куткаруучулары Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда 1940-жылы туулган К.Г. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.

ЖУМГАЛДА УКМК ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Бүгүн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, имаратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Иш-чарага Нарын облусунун Жумгал районунун акими А.А.Набиев, башкармалыктын өздүк курамы, аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

Количество просмотров: 76