• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстанда доллардын баасы арзандады. Коронавирустан каза болгондор 1331 адамга жетти

21 Бештин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Баткен облусунун тургуну болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1331 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 132 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (45) жана Чүй облусунда (32) адам.

Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 79 254 кишиге жетти.

Бир күндө 225 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1636 адам жатат, дагы 2394 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4073 адамга жетти, алардын 3841и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 1 дарыгерден табылды.

МЫЙЗАМСЫЗ МАЙ ТАШЫГАНДАР КАРМАЛДЫ

Финансы полициясынын Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча бөлүмү «Чалдыбар–унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары менен бирге күйүүчү-майлоочу затты өлкөгө мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда «Чалдыбар–унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан күйүүчү майдын жыты бар 37 тонна суюк затты ташып бара жаткан «Вольво» жүк ташуучу унаасы кармалган. Аталган унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен көрсөтө алган эмес, ошондуктан товарларды эсепке алуу пунктунун мобилдик тобу аталган жүк ташуучу унааны кармоо жана унаа токтотуучу жайга жайгаштыруу иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

ДОЛЛАР АРЗАНДООДО

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө дээрлик үч сомго арзандады. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, соңку курс 80,70 сом деп көрсөтүлдү. Ага чейинки күнү 83,14 сом болчу.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин арзандай баштаган. Июнда 73 сомго түшүп, ноябрда кайра 85ке жеткен.

Бүгүн, 21-декабрда Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында долларды 80 сомдон сатып жатышат. Орус валютасы рубль 1,10 сом болууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Количество просмотров: 138