• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстандын Орусиядагы элчиси дайындалды. Тажикстанда кармалып тургандарды бошотуу чарасы көрүлүүдө

22 Бирдин айы 2021 14:07 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮ

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 22-февралда жакындары Тажикстанда кармалып турган адамдар менен жолугушту. Жолугушууда Суваналиев Тажикстанга укук коргоо өкүлдөрүнүн коштоосунда барып, кабар алууну көздөп турганын айтты.

“Азыр Тажикстанда кыргызстандык үч жаран кармалып турганы жөнүндө маалыматым бар. Өткөн жума күндөн бери бул маселени чечүү боюнча күч кызматкерлери менен чогуу иш жүргүзүп жатабыз. Аларды “чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн” деген жүйө менен кармашыптыр. Ал эми Интернетке “кыргызстандыктарды барымтага алып кетти” деп тарап жаткан маалыматтар жалган”.

Өмүрбек Суваналиев чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүнүн айып акчасы 250-300 миң сомду түзөрүн да кошумчалады. Анын айтуусунда, өткөн жылы Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп кирген тажикстандык жарандардын төлөгөн айыптын жалпы суммасы 7 миллион сомго жеткен. Жолугушууга өкмөт өкүлүнөн тышкары жергиликтүү күч кызматтарынын жетекчилери, Баткен районунун акими да катышты.

Бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышкан. Алардын айтуусунда, “чек арадан мыйзамсыз өткөн”, “аткезчилик товар ташыган” деген себеп менен жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам Тажикстанда камалууда. Бул маалымат расмий тастыкталган жок.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, бул илдеттен 47 адам айыкты жана алардын төртөө медицина кызматкерлери.

22-февралда 44 адам коронавирус илдетине чалдыкканы лабораториялык жол менен тастыкталды. Акыркы суткада оорудан көз жумгандар катталган жок.

Ушул тапта стационарда 409 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 275 адамдын абалы орто оор, 101 адамдын абалы оор, 23 адамдын абалы өтө оор абалда деп бааланууда.

ОРУСИЯДАГЫ ЭЛЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

Парламент депутаты Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

2021-жылы январь айынын башында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылган. Элчи кызматына барган Клара Самат эми мандатын тапшырат.

Количество просмотров: 104