• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Өлкө аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. «Манас» аэропорту жаңы авиакомпания түздү

3 Теке 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

СЕЛ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН

Үстүбүздөгү жылдын 3-6-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыгидромет борбору билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз кезегинде сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт.

АКШДА КАЗА БОЛГОН ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ЖЕТКИРИЛЕТ

АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга жиберилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда бул маселе боюнча КРнын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, АКШда жашап жана иштеген кыргызстандык Элнура Молдокадырова социалдык тармактагы баракчасы аркылу 42 жаштагы Б.С. аттуу жарандын трагы башка жүк ташууну унаа менен кагышкандыгын билдирген.

ЖАҢЫ АВИАКОМПАНИЯ ТҮЗУЛДҮ

«Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКсы «Асман Эйрлайнс» аталыштагы жаңы авиакомпания түздү.

Кыргыз фондулук биржасы билдиргендей, «Асман Эйрлайнсдын» юридикалык дареги: Бишкек шаары, «Манас» аэропорту.

Жаңы авиакомпаниянын башкы директорунун милдети Жолдошбек Айдаралиевге жүктөлгөн.

Количество просмотров: 80