• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө акча жок. Милиционерлер пара менен кармалды

24 Аяк оона 2019 15:34 Бишкек Govori.TV

Алтыбаев: Жогорку Кеңешти таратууга негиздүү себеп жок

Жогорку Кеңешти таратууга негиздүү себеп жок. Мындай пикирди депутат Айнуру Алтыбаева (КСДП) билдирди.
Анын айтымында, парламент көп иштерди аткарышы керек.
«Муну айтуу жоопкерчиликсиздик, анткени алдыда иштер көп. Анын ичинде 2020-жылга республикалык бюджетти карап кабыл алуу, ошондой эле күз-кыш мезгилдерине даярдыкты кароо», — деди ал.
Депутаттын пикири боюнча, айрым адамдар Жогорку Кеңешти таратуу боюнча атайын ушак таратып, муну менен коомчулуктун тынчын алып жатат.
«Парламенттин туруктуулугу бардык бийлик бутактарынын жана өлкөнүн жалпы туруктуулугунун негизи болуп саналат», — деди.
А.Алтыбаева республикалык бюджетте кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү каралбаганын кошумчалады. Шайлоо өткөрүүгө орто эсеп менен 500 млн сом керек.

Казак президенти Кыргызстанга ноябрь айында келет

Казак президенти Кыргызстанга ноябрь айында келет. Бул тууралуу 23-сентябрда Нур-Султан шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Казакстандын парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушкан учурда белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолгушууда Нурлан Нигматулин ушул жылдын ноябрь айында президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен барышы күтүтүлүп жатканын айтып, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланарын айтты.
Ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отуруму өтүп жатат.

Милиция кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды

Милиция кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМден белгилешкендей, 16-сентябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Бишкек шаарынын Т.С. аттуу тургуну кайрылып, Октябрь районунун милиция кызматкерлери, ага карата кылмыш ишти токтотуу үчүн 5 миң доллар талап кылып жатканын билдирген.
Ал жарандын арызы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү («Пара талап кылуу») боюнча каттоого алынган.
23-сентябрь күнү кечки маал милиция кызматкерлери Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишнде Октябрь районунун криминалдык милиция кызматынын үч кызматкерин кармашкан.
Кармалгандар тинтүүгө алынып, алардан 1 миң доллар табылган.
Аны менен бирге Финансы полициясына Октябрь райондук милициянын Тергөө кызматынын тергөөчүсү алынып келген. Анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, Т.С. аттуу жаранга карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылган. Сурак бергенден кийин, кармалгандар Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Количество просмотров: 84