• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Май ташыган унаа күйүп, айдоочу каза болду. Таласта лицейдин кызматкерлери ашыкча айлык алып жүргөн

22 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

МАЙ ТАШЫГАН УНАА ӨРТТӨНДҮ
Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 22-июнда таң эрте саат 6:07де жол жээгинде автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Тактап айтканда,Таш-Көмүр шаарынын Бишкек – Ош автоунаа жолунун 448 чакырымында күйүүчү май ташуучу автоунаасы маркасы, өңү болжол менен ак түстөгү Вольво жолдун четине чыгып, өрттөнгөн. Баллону атып кетип, жарылган унааны өрт каптап айдоочусу каза болгон.
Кырсык катталган жерге Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБнын өрт өчүрүүчү-куткаруучулары саат 6:30да өрттү чектөөгө алып, саат 7:56да толугу менен өчүрүшкөн», — деп айтылат маалыматта. Болжол менен алдыңкы баллону атып кеткендиктен автоунаа өрттөнгөн.

ЛИЦЕЙДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АШЫКЧА МАЯНА АЛЫП ТУРУШКАН
Талас областтык прокуратурасы тарабынан №13 кесиптик лицейде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен финансылык мүнөздөгү бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бекитилген тарификациялык тизмелерге карабастан, жалпы 2 млн. 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан.
«Тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери «К.Т.» 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон.
Жогорудагы факты боюнча Талас областтык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

МЕКТЕПКЕ КАТТООНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ
27-июнда саат 9:00дөн баштап мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, ушул мезгилден баштап ата-энелердин жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектептер ачылат.
Буга байланыштуу мектептин микроучастогунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек, ал эми “Мектепке электрондук кабыл алуу” АИСке катталган ата-энелер, эгерде бар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Количество просмотров: 362