• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Маршруттук таксилер бүгүн да ишке чыккан жок. Коронавирустан 9 адам көз жумду

3 Кулжа 202114:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 3-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкекте, төртөө Чүйдө катталды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1830 адамга жетти.  Соңку бир күн ичинде вирус дагы 371 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (169) жана Чүй облусунда (91). Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 105 840 адамга жетти. Бир күндө 299 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1662 адам жатат, дагы 1847 бейтап үйдөн дарыланууда.

МАРШРУТТУК КАТТАМДАР ИШКЕ ЧЫККАН ЖОК

Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин айрым каттамдары ишке чыккан жок. Алар эки күндөн бери жол кирени көтөрүү талабы менен иш таштап жатат. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жүргүнчү ташуу милдетин алган менчик фирмалар менен калаа башчылыгы кечээ түнгө чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азырынча анын жыйынтыгы кабарлана элек. Бишкек шаардык мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов сентябрь айында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси чечилиши мүмкүн экенин билдирди.

Шаардагы троллейбустардын иштөө тартиби узарып, таңкы саат 5:40тан түнкү 23:00 чейин эл ташууда. Башкалаа жетекчилиги “Ала кет!” флешмобун баштап, айдоочуларды жолдо калган атуулдарды салып кетүүгө үндөп жатат.

7 ПАРТИЯ ШАЙЛООГО КАТЫШУУ АРЫЗЫН БЕРДИ

1-июнга карата Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 7 саясий партия документтерин тапшырды. 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлга дайындалган.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына документтерин тапшырган партиялар

«Өнүгүү-Прогресс»;

«Социал-демократтар»;

«Замандаш»;

«Келечек-Будущее»;

«Ата Журт – Кыргызстан»;

«Биздин Кыргызстан»;

«Ынтымак».

Количество просмотров: 71