• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Мас абалында чыр салган милиционер иштен алынды. Айдоочу жөө өтмөктөн жаш кызды сүзүп кетти

18 Бугу 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

МАС МИЛИЦИОНЕР КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде мас абалында чыр салган милиционер кызматтан алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-майда айрым интернет булактарында милиция кызматкери жарандарга орой мамиле жасаган видео тараган. Анда милиция кызматкеринин жүрүм-турумунан анын мас абалында экендигин байкоого болот. Ыкчам жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталган.

Аталган милиционер ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык тартипти одоно түрдө бузгандыгы үчүн 18-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын буйругу менен иштен алынды.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган кызматкер 17-майда эрте менен нөөмөт бөлүмүндөгү кызматын аяктап, үйүнө бара жатып алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы жана коомдук тартипти бузгандыгы аныкталды.

МЕКТЕПТЕ ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН АБАЛЫ АЙТЫЛДЫ

Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептеги кырсыктан улам жабыркагандардын арасынан  мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун жалпы медициналык практика борборуна 16 адам жеткирилген.

«Экспертизадан кийин мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Диагнозу: «бир аз коркуу, стресстик абал». Баарынын абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон.

УНАА ЖАШ КЫЗДЫ СҮЗҮП КЕТТИ

Бишкекте жеңил унаа жөө өтмөктөн өтүп бараткан өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-майда болжол менен саат 08:00 чамасында 1988-жылы туулган М.М. атуу айдоочу “Kia K5” үлгүсүндөгү авто унаасы менен Сүйөркулов көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, №17 орто мектептин тушунан жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Натыйжада 2005-жылы туулган Н.К. аттуу жөө жүргүнчү жабыркап №3-балдар ооруканасына жеткирилген.

Ал эми авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийштүү экпертизалар дайындалып, айдоочусуна карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 138