• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Массалык уулануудан 22 адам ооруканага түштү. Көл жээкте мушташкандардын иши тергелүүдө

30 Кулжа 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

ЖАЛАЛ-АБАДДА МАССАЛЫК УУЛАНУУ ОРУН АЛДЫ

Жалал-Абад шаарында массалык уулануу катталып, 22 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматтта айтылгандай, ооруканага түшкөндөрдүн абалдары туруктуу, бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

«Уулангандардын айтымында, алар шаурма жеген. Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти министрликтен.

КӨЛ ЖЭЭКТЕГИ МУШТАШ БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ

29-июнунда «Радуга» пансионатынын пляжында болгон мушташ фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин маалымдалгандай, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө «Радуга» пансионатынын пляжында мушташкан боюнча 18 адам алынып келинген. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган, анын ичинен 3 эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын 8 кызматкери.

Кечээ тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы М.Э. Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилген. Мушташтын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

ЖАҢЫ ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮ АНТ БЕРДИ

Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ант берди.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон Бакыт Төрөбаев ант берди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров катышууда. Мамлекет башчысы жыйында сөз сүйлөйт.

Количество просмотров: 112