• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мечиттен өрт чыкты. Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

22 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

МЕЧИТТЕН ӨРТ ЧЫКТЫ

Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Дордой Мурас» базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыккан. ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жалын мечиттин жанында жайгашкан 4 контейнерди каптаган.

Тилсиз жоо түнкү саат 02:00дөргө жакын катталып, аны өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр түнкү саат 04:03тө өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн. Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕР СИЛКИНДИ

21-мартта Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын калкттуу конуштарында Ак-Суу, Коммуна жана Самат айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 балл, Чымкент айылында жана Исфанада 3 балга жакын сезилген.

РИА Новостинин маалыматына караганда, кечээ саат 22:50лөргө жакын Афганистандын түндүк-чыгышында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө коңшу Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстанда дагы сезилген.

ЖАРАНДЫ ПОЕЗД СҮЗҮП КЕТТИ

21-мартта саат 19:55те Бишкек — Кайыңды багыты менен келе жаткан поезддин машинистти жолдун 3718-чакырымында поезди ыкчам токтотууга аргасыз болгон.

Маалыматка ылайык, поезддин үн сигналына ал адам эч кандай реакция кылган эмес. Аралыктын аздыгынан кырсыкты алдын алууга мүмкүн болгон жок. Окуядан кийин укук коргоо органдары жана тез жардам кызматы чакыртылган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

“Кыргыз темир жолу” аталган жол үн (сиреналык) жана жарык (светофор) сигналдары менен жабдылганын, мындан тышкары, өтмөккө поезд жакындаганда шлагбаум жабыларын белгиледи.

Количество просмотров: 87