• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мектеп окуучусун зордуктоого шектелип эки жаран кармалды. Коронавирустан дагы 2 адам каза болду

9 Бирдин айы 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 58 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал белгилегендей, бир сутка ичинде 111 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 434 бейтап, амбулатордук түрдө 543 адам дарыланууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 171 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 825 киши айыгып чыкса, 1 миң 433 адам каза болду.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛАТ

Кытай тараптын демилгеси менен ай жылнаамасы боюнча жаңы жылды майрамдоого байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт – унаа жолу”, “Эркечтам – унаа жолу” өткөрүү пункттары транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМК чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

“Торугарт – унаа жолу” өткөрүү пункту 2021-жылы 11-февралда убактылуу жабылып, 2021-жылы 15-февралда кайра калыбына келтирилет.

“Эркечтам – унаа жолу” пункту 2021-жылы 12-февралдан тартып 16-февралга чейин убактылуу жабылат.

ОКУУЧУНУ ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛГЕНДЕР КАРМАЛДЫ

Ош шаарында мектеп окуучусун зордуктоого шек саналып 20 жаштардагы эки тургун (К.Т. жана А.К.) кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, былтыр декабрь айында Ош облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 16 жаштагы кызын шаардагы батирлердин биринде белгисиз эки жаран зордуктап койгонуна даттанган.

Иликтөө учурунда такталгандай, жабырлануучу кыз бул шектүү жарандар менен «Инстаграм» социалдык түйүнү аркылуу таанышып, Интернет аркылуу баарлашып жүргөн. Алардын чакыруусу менен Ош шаарына келип, жолугуп, андан ары ушул окуяга кириптер болгон.

Факт боюнча Жазык кодексинин 161-беренесинин («Зордуктоо») белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда. 

Количество просмотров: 136