• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Милицияга кол салган эки шектүү кармалды. Өрттөн 2 адам каза тапты

28 Бештин айы 202014:08 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 162 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми бир сутка ичинде 237 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавирустан жалпы 1 миң 349 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында бир адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 265 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 960 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 535 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 57 киши айыгып чыкса, 1 миң 349 адам каза болду.

МИЛИЦИЯГА КОЛ САЛГАНДАР КАРМАЛДЫ

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине кол салган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу кечээ, 27-декабрда аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-декабрга караган түнү милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 7-апрель менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде башка унааларга тоскоол болуп жаткан «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунааны көрүшкөн.Текшерүүчүлөр автоунааны токтотуп, айдоочуга жакындаганда, айдоочу менен жүргүнчүдөн спирт ичимдиги жыттанган.

Шектүүлөр мушташ башташкан. Алар кенже сержанттын погондорун айрып, офицерлерге кол салышкан. Басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, милиция кызматкерлери эскертүү иретинде абага, коопсуз багытта ок чыгарышкан.

Аталган кылмышка шектелип 1990-жылы туулган жана 2004-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык (бейбаштык) кылмыш иши козголду.

ӨРТТӨН ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ

Бишкектин №21-ГККдан (гараж куруу кооперативи) өрт чыгып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гараж кооперативинин жыгач устундуу калай жабылган 70 чарчы метр эки кабаттуу имараттын чатыры, экинчи кабатында кароолчунун бөлмөсүнүн гипсокартон шыбы, дубалдары, эмеректер күйгөн.

Өрт болгон жерде эки эркек адамдардын сөөгү табылган (аты-жөнү такталууда).

Количество просмотров: 173