• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Министрдин орун басары иштен кетти. 3 адам көз жумган кырсыкка айыптуу жаран камалды

11 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КЕТТИ

Надира Жусупбекова билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу  министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, Жусупбекова министрдин орун басары кызматын 2018-жылдан тарта аркалап келген.

КЫРСЫККА ШЕКТҮҮ ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Сузактагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалымака ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-апрель күнү болжол менен саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында “Деу-Нексия” жана “Мерседес-Бенц” автоунаалары сүзүшүп жол кырсыгына кабылган. Натыйжада «Деу-Нексия» автоунаасындагы 3 жүргүнчү каза болгон. Ал эми айдоочусу ооруканага жаткырылган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иши коголгон. Жол кырсыгына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында “Мерседес-Бенц” автоунаасынын айдоочусу Сузак районунун тургуну 1990-жылы туулган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

МЫЙЗАМСЫЗ ОРНОТУЛГАН ГАРАЖДАР АЛЫНУУДА

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Айни-Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мыйзамсыз орнотулган гараждарды алууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан 20 гараж алынат. Буга чейин 13 гараж алынган.

Эске салсак, 19-апрелде аталган башкармалыктын кызматкерлери беш күн ичинде мыйзамсыз орнотулган гараждарды өз ыктыяры менен алуу боюнча эскертүүлөрдү тараткан.

Количество просмотров: 136