• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Муфтийди шайлоо эки айга жылдырылды. Мурдагы аким Чыныбаев камактан чыкты

31 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 31-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1499 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 98 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (48) жана Чүй облусунда (36).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 88 374 адамга жетти.

Бир күндө 96 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 503 адам жатат, дагы 616 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4246 адамга жетти, алардын 4197си айыгып чыкты.

АКИМ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим 29-мартта кабыл алынган. Чыныбаев 27-майга чейин үй камагына болот.

Эске салсак, буга чейин УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриясынын райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаевди кармаган.

Ал Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалып, бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталууда.

МУФТИЙДИ ШАЙЛОО МӨӨНӨТҮ ЖЫЛДЫ.

Муфтийди шайлоо үчүн өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мындай чечим Аалымдар кеңешинин 30-мартта өткөн чукул жыйынында кабыл алынган.Аалымдар кеңешинин айрым мүчөлөрү алыскы облустарда жашагандыктан, чукул жыйын онлайн өткөн.

“Бул кызмат орундарга аттангандардын тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин жогорку билими боюнча документтерин кылдат текшерүү көп убакытты талап кылууда. Мындан сырткары, чагымчыл тараптардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузууга жасаган аракеттери жыйынды жылдырууга негиз болду”, — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болгону кошумчаланды.

Количество просмотров: 114