• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Мурас» футболдук турнири башталды. Жатаканадан 40 чет элдик жаран эвакуацияланды

8 Бештин айы 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

“МУРАС” ТУРНИРИ БАШТАЛДЫ

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтүүдө.

Мелдешке 16 команда катышууда. Оюн 8-9-декабрь күндөрү өтөт.

Президент турнирдин башында куттуктоо сөзүн сүйлөп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Командалар төрт тайпага бөлүнгөн, оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.

МАЛ УУРДОО ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

Коңшу мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз бодо мал алып келүү фактысы аныкталды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 6-декабрында Талас районунун чек ара тилкесиндеги Көпүрө-Базар айылынын “Агышай” жергесинде УКМКнын кызматкерлери менен КР УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан КР Т.Т.А. аттуу жаранынын 72 баш бодо малды (музоо, уй) Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Тергөө иштери уланууда.

ӨРТТӨН УЛАМ ЖАРАНДАР ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкекте кечээ кечинде унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, түтүндөн улам жанаша жайгашкан жатаканадан 40 чет элдик жаран эвакуацияланды.

ӨКМден билдиришкендей, Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан кечки саат 20лар чамасында өрт чыккан. Жеринде 3 күжүрмөн эсеп жана штаб иш алып барды. Тилсиз жоо саат 21:18де чектөөгө алынып, саат 22:13тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, мында жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Количество просмотров: 85