• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Нарматова менен Шаменов Бишкекке келет. ММК президентке кайрылды

28 Тогуздун айы 2022 14:11 Бишкек Govori.TV

ММКНЫН КАЙРЫЛУУСУ

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана редакторлору “Азаттыкка” бөгөт коюу чечимин артка чакыртып алууна  жана президент Садыр Жапаров менен  жолугушууну талап кылышууда. Бул тууралуу алардын мамлекет башчысына жолдогон кайрылуусунда айтылат.

Кайрылуу Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго жолдонот.

Анда айтылгандай, Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатат: кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө; сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда.

Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат.

АКТИВИСТТЕР БИШКЕККЕ КЕЛЕТ

Москвада ишкер жана активист Ильгиз Шаменов Бишкекке келет. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады. Анын айтымында, аны менен бир күн мурун кармалган Орозайым Нарматова Бишкекке алынып келинүүдө.

«Орозайым Нарматова экөөбүз учуп баратабыз. Бүгүн саат 15:00дө Бишкек аэропортуна конобуз. Көрсө, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Москвага өзү келип, бизди бергиле деп сураныптыр», — деп жазат активист.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милиция алып кеткен. Кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары Биринчи май сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

ДУБАЙ-ОШ КАТТАМЫ ЖАНДАНАТ

3-ноябрда Дубай—Ош—Дубай багыты боюнча туруктуу авиакаттамдардын ачылышы күтүлүүдө. Fly Dubai авиакомпаниясы Дубай эмиратынан Ош шаарына учууларды жумасына эки жолу аткарууну пландап жатат – шейшемби жана жума күндөрү.

Эске салсак, белгиленген багыт боюнча туруктуу каттамдар 7 жылдык тыныгуудан кийин жанданганы турат.

Количество просмотров: 442