• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Нарматова журналистти сотко берерин айтты. Араванда сел жүрдү

15 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

БАТКЕН МЕНЕН СОГДИ БАШЧЫЛАРЫ ЖОЛУКТУ

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода жолугушту. Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында өттү. Жолугушууга ошондой эле Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө таянсак, жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Ошондой эле эки облустун деңгээлинде түзүлгөн жумушчу топтордун, белгиленген багыттар боюнча иш аракетин улантуусу белгиленди.

Тараптардын жолугушуусу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт.

НАРМАТОВА ЖУРНАЛИСТТИ СОТКО БЕРЕТ

Бүгүн, 15-июнда жалпы жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Медиахабдын” журналисти Асел Шамилованы сотко берерин билдирди.

“Мен коррупционер болсом ошол жерден аныктап берсин. Мен Кудайдын, мыйзамдын алдында тазамын”, — деген депутат өзү иштеп чыккан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын ишине, сөз эркиндигине кедергисин тийгизбей турганын айтты.

“Медиахабдын” видеосу ютубдагы каналына чыккан. Анда “Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаганын айтылып, ошондой эле депутаттын бейнеси тууралуу кеп кылынган.

АРАВАНДА СЕЛ ЖҮРДҮ

Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндө катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, сугат арыктарынан ашкан сел суулары унаа жана ички чарбалык жолдорду зыянга учураткан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырдаалга байланыштуу жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы жумуш алып барууда.

Учурда сел сууларынан келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 87