• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Орусиядагы жеңиш парадына 12 мамлекеттен аскерлер барды. 90 адам вирус жуктурду

17 Кулжа 2020 14:16 Бишкек Govori.TV

БҮГҮН 90 АДАМ ВИРУС ЖУКТУРДУ

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 33 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.  Ал билдиргендей, коронавирус жуктурган 631 адам дарыланууда болууда. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктурган 90 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2562ни түзөт. Алардын ичинен 1901 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

ДАГЫ БЕШ БАЛА-БАКЧА ИШТЕП БАШТАДЫ

Бишкек шаарынын Ленин районунда беш бала-бакча иштеп баштады, ал эми Октябрь районундагы бала-бакчалар келерки жумада тартып иштөө алдында турат. Бул тууралуу калаанын вице-мери Татьяна Кузнецова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мектепке чейинки балдарды тарбиялоо мекемеге биринчи күнү эле 79 бала барган. Свердлов районунда 14, Биринчи май районунда 14 бала-бакча иштеп жатат.

Эске сала кетсек, бала-бакча иш-аракеттерин жандантуу чечими 5-июнда чыккан. Бирок иш баштоодон мурда алгач тарбиячылар ПЦР-тест тапшырып, мекемелердин имараттарында дезинфекциялоо иши жүргөн.

ӨСПҮРҮМДҮ ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы 14-декабрда Сокулук районунун тургуну, 2019-жылы күзүндө Максат аттуу жигит кызын машинага салып зордуктаганын айтып милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш-жаза кодексинин «161-зордуктоо» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иши башталган.

«Кылмышка шектүү 24 жашта экендиги аныкталды. Издөөдө жүргөн жаран бүгүн саат 00.30 чамасында борбор калаадан кармалды, учурда убактылуу кармоочу жайда», — деп берилет маалыматта.

ЖЕҢИШ ПАРАДЫНА 12 МАМЛЕКЕТТЕН АСКЕРЛЕР БАРДЫ

Россияда өтө турган Жеңиш парадына катышуу үчүн 12 мамлекеттен аскерлер барды. Бул тууралуу Россиянын РИА Новости сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, парадка жалпысынан 13 миңден ашык аскер катышат. 234 заманбап жана аскер техникалары тартылат.

Эскерте кетсек, жыл сайын 9-майда салтанаттуу белгиленген «Өлбөс полктун» жүрүшү быйыл коронавируска байланыштуу 24-июнга жылдырылган. Ага Кыргызстандан дагы аскерлер катышат.

Парадда Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү болот.

Количество просмотров: 687