• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ош базарда өрт чыкты. Аял өрттөгөн күйөөсүн кечирди

7 Бирдин айы 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

ОШ БАЗАРДА ӨРТ ЧЫКТЫ

Бүгүн Ош базрынын аймагында жайгашкан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр кабарлашып, социалдык тармакка видео таратышкан. Алардын айтымында өрт таңга маал чыккан. Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай өрт учурда чектөөгө алынган. “Киев менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ош базардын аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 07:07де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп билдиришти мекемеден.

БЕНЗИНГЕ КҮЙГӨН АЯЛ КҮЙӨӨСҮН КЕЧИРДИ

Бензинге күйгөн Сатина күйөөсүн кечирип, милицияга тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов айтты. «Январь айынын этегинде 33 жаштагы Сатина Бабаканова күйөөсү Н.Ч.га карата нааразылыгы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды. Анын айтымында, күйөөсү менен мындан ары үй-бүлөнү бузбай, чогуу жашоону уланткысы келет. Бирок аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-130 беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун («Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет кылуу») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тергөө иштери жыйынтыкталган соң иш сотко өткөрүлүп берилет», — деди Сталбек Усубакунов. Окуя 4-январь күнү Каракол шаарындагы борбордук базарлардын биринде болгон. Анда күйөөсү Сатинага бензин коюп, аны кызганычтан улам өрттөп жибергени айтылган. Шектүү эки айга камакка алынган.

БОЛГОНБАЕВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

Төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин байкоочу кеңештин 14 мүчөсү бир добуштан колдоп, КТРКнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтерин билдиришти. Ошондой эле жыйында КТРКнын радиоуктуруу боюнча башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Айбек Мусаевди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү орун басар кылып бир добуштан бекитишти. Мындан тышкары Орусиянын Биринчи каналы менен КТРКнын келишими узартылып, тажрыйба алмашуу багытында жана Москвадагы бөлүмдү бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр болгондугун КТРКнын башкы директору Жайнак Усөн уулу билдирди. 2019-жылы ноябрь айында коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз арызы менен кеткен.

Количество просмотров: 275