• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ош ЖЭБде коррупциялык схема аныкталды. Коронавирустан 3 адам каза болду

19 Бирдин айы 2021 14:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан үч адам каза болду​. 83 кишиге вирус жуккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттен 1448 адам каза тапты.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 772 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны — 82 583.

Ооруканада вирустан 411 бейтап дарыланууда, Үйүнөн 386 бейтап дарыланууда.

ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте бекилип калган үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февраль күнү саат 20:44тө ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан батирдин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1957-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.

“Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.

КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМА АНЫКТАЛДЫ

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы (УКМК ККК) Ош жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындык ЖЭБдин жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен тил табышып, жылуулук менен жабдуу тутумдарына техникалык туташуу эрежелерин бузуп, капиталдык курулуш объектилеринин техникалык параметрлерин эске албай, ЖЭБге Ош шаардындагы ири соода объектилерин, атап айтканда, жеке менчик мончо, спорт залдар, медициналык клиникалар жана көп кабаттуу турак-үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Ошол эле учурда, алдын ала иликтөөлөргө ылайык, аталган коммерциялык объектилерден түшкөн каражаттарды ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери өздөрүнө алып турушкан.

Натыйжада Ош ЖЭБдин жетекчилиги тарабынан уюшулган мыйзамсыздык мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян алып келген.

Количество просмотров: 74