• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто аба каттамдар жанданды. Аскердик тик учак кулады

17 Үчтүн айы 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

АСКЕРДИК УЧАК КУЛАДЫ

Достук айылынын аймаганда МИ-8 аскердик учагы кулады. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11лер чамасында машыгуу учурунда МИ-8 аскердик учагы кулады. 7 адам жабыркап, 1 адам каза тапканы айтылууда. Окуя аскердик машыгуу учурунда болгон.

Кошумча маалымат берилет.

ӨРТТӨ КУРКАРУУЧУ ЖАБЫРКАДЫ

Бишкекте өрт өчүрүү учурунда куткаруучу жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Тыналиев көчөсүндө жалпы аянты 15 чарчы метр эки кабаттуу кеңсе түрүндө курулган имараттын, жыгач устундуу темир менен жабылган экинчи кабатындагы кампа бөлмөсүнүн гипсокартон тагылган шыбы күйгөн.

Өрт өчүрүү учурунда 28 жаштагы О.А. аттуу куткаруучу оң колунун манжасын тилдирип алган жана тез жардам өткөрүп берилген.

АБА КАТТАМДАР ЖАНДАНДЫ

Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар 17-январдан тарта жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун аба ырайына байланыштуу Ош шаарына аткарыла турган Бишкек — Ош багыты боюнча авиакаттам кармалган.

Количество просмотров: 86