• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто белгилүү мушкерлер атышты

23 Аяк оона 2019 14:14 Бишкек Govori.TV

ОШТО АТЫШКАНДАР БЕЛГИЛҮҮ МУШКЕРЛЕР БОЛГОНБУ?

Ош шаарында белгилүү спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу Turmush сайты жазды. Маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Белгилүү 2 мушкердин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. К.С. жана Р.у.Т. Кара-Суу районундагы эң мыкты деп саналган спорт клубдун спортчулары. Р.у.Т. мурда Араван районунда милиция кызматында иштеп кеткендиги дагы айтылууда. “Аталган факт Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Материалдар тергөө үчүн ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматына жөнөтүлдү”, -деп айтылат маалыматта.

КИЙИНКИ КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ ОШ ОБЛУСУНДА ӨТӨТ

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземине катышты. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Көчмөндөр оюндары кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатканын белгиледи.Салтанаттуу аземде «Манас» эпосу боюнча театрлаштырылган оюн-зоок, баардык облустардан келген спортчулардын жана маданият өкүлдөрүнүн парады, концерттик программа көрсөтүлдү. Улуттук көчмөндөр оюндарын 2020-жылы өткөрүү эстафетасы Ош облусуна берилди. Эске салсак, Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында 8 улуттук түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган.

БИШКЕКТЕ ТӨРТ КҮН БОЮ КАН ДОНОРЛОРУНУН КҮНҮНӨ КАРАТА АКЦИЯ ӨТӨТ

Бишкек шаарында кан донорлорунун улуттук күнүнө карата төрт күн бою “Коопсуз кан бардыгы үчүн” аталышындагы акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, каалоочулар 23-27-сентябрь күндөрү күн сайын саат 9:00дө каттоодон өтүп, кан тапшырып турса болот. “Кан куюу менен жылына көптөгөн адамдар аман калууда. Кан боюнда бар аялдарга, кан ооруларына чалдыккан бейтаптарга, жаракат алгандарга, оор операция жасала турчуларга жана башка оорулууларга абдан керек. Ошондуктан донорлук медицинанын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Көп өлкөлөрдө кооптуу жана сапаттуу кан запасынын жоктугу көйгөй жаратып келет”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 57