• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто бензин 12 сомго арзандадыбы? Антимонополия дайым иштесин

26 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУКТУ
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу алкагында 26-январда өтүүчү “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуу Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.

«АЗАТТЫКТЫН» СОТУ ЖЫЛДЫ
Бүгүн, 26-декабрда “Азаттыкка” каршы мыйзамсыз аракеттерге каршы чыгуунун алкагында соттук отуруму болуп, 17-февралга жылдырылды. Бул тууралуу аталган медианын өкүлдөрү үн катып, бул кадамды Азаттыктын ишине жолтоо деп баалашты.
ОШТО БЕНЗИН 12 СОМГО АРЗАНДАДЫБЫ?
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазов монополияга каршы маселе көтөрүлгөндөн кийин, Ош шаарында бензиндин баасы 12сомго арзандаганын айтты. Мындай маалыматты эл өкүлү Ырысбек Атажанов да билдирди. Марлен Маматалиев Антимонополия айтканда эле кыймылдап калбастан, дайым иштесин деген талабын айтты.

Количество просмотров: 269