• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Ошто куралдуу кол салуудан эки милиция кызматкери жарадар болду. Коронавирустан 1 бейтап каза болду

13 Үчтүн айы 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

13-январга карата Кыргызстанда дагы 92 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте бир бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 587 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 358и сакайды. Соңку бир күндө 177 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

Илдетке каршы республикалык штабдан кабарлагнгандай уяурда ооруканадагы 810 бейтаптын 44үнүн абалы өтө оор, 241си оор, 514тү орто оор абалда жатат, 11 кишинин гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

ЖАШ ЖИГИТТИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Сокулук районундагы жаш жигиттин өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирдт.

Маалыматка ылайык, 30-декабрда эртең менен Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы көчөлөрдүн биринен жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Маркумдун баш сөөгү жабыркап, көкүрөгү күйүп калган жана денесин үшүк алып кеткен.

“Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Каза болгон жаран 20 жаштагы Х.С. экени аныкталган.

Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Б.С.ны кармашты. Ал Сокулук районунун тургуну”, – деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын чоо-жайы такталып, тергөө уланууда.

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАРАДАР БОЛДУ

Ошто куралдуу кол салуудан эки милиция кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер баш икармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  окуя бүгүн, 13-январда түнкү саат 01:00дөр чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында орун алган. Анда жашы жете электер менен иштешүү боюнча инспекциясынын инспектору, кенже лейтенант втоунаасында отурганда сырттан белгисиз адам ага карата 16 калибрдеги кош найлуу ок атуучу куралдан ок чыгарган. Кенже лейтенанттын далысына  7-8 чачма октору тийген. 

Аталган кылмышкер ошондой эле окуя болгон жерге чакыруу менен барган ыкчам- тергөө тобунун мүчөлөрүнө да кол салган. Тергөөчү автоунаадан түшүп жатканда далысына аткан. Тергөөчү табелдик куралын алып чыгып, кылмышкерге карата ок чыгарганда ал из жашырып кеткен окуя болгон жерден. 

Эки милиция кызматкери тең, ооруканага жеткирилди. Учурда, сотко чейнки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жана шектүү атуулду аныктап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 102