• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Пара берүүгө шектелген Ногойбаев УКМКнын абагында болот. Кыргызстанга качкан казак жарандары кайрадан мекенине кайтышууда

10 Бирдин айы 2020 14:51 Бишкек Govori.TV

НОГОЙБАЕВ КАМАКТА БОЛОТ

  10 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору 8-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Министрдин орун басары Жеңишбек Ногойбаев менен аталган агенттиктин директору Анарбек Бекмуратов 7-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.

«Ж.Ногойбаев акчаны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишти токтотуу үчүн бергени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КАЗАК ЖАРАНДАРЫ МЕКЕНИНЕ КЕТҮҮДӨ

Казакстан Масанчи айылында чыккан чырдан жабыркаган, учурда Кыргызстанда ооруканада дарыланып жаткан жарандарын алып кетти. Белгилей кетсек Казакстандын жаңжал чыккан айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Башаламандыктан кийин Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн. Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министринин орун басары келип, бейтаптардын абалы менен таанышкан. Алардын мындан аркы дарылануусу Казакстанда өтмөкчү.

Ал эми чек ара кызматынын маалыматына ылайык, миңден ашык казак жарандары Казакстанга жекшембиде кайрадан чыгып кете башташкан.

«2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү «Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга келген жарандар көбөйгөн. 2020-жылдын 9-февралында кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй кайткан жарандар байкалууда», — деп айтылат маалыматта. 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлгөн.

БИШКЕК-ОШ ЖОЛУНДА УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРДИ

Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» посттунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, аба-ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу чектөө киргизүү бүгүн, 10-февралда эртең мененки саат 07:00дөн башталды.

«Токтогул районунун аймагында кардын калыңдыгы 25-30 см түзүп, буга байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат.

Количество просмотров: 78