• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Парламент кымбаттоого байланыштуу өкмөттүн маалыматын угат. Коронавирус дагы 113 адамга жукту

30 Жалган куран 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү — 30-марттагы маалыматына караганда, бир сутка ичинде Кыргызстанда бул вирус 113 адамдан жаңы аныкталды. Бир киши каза болду.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (61) жана Чүй облусунда (44).

Өлкө боюнча оору жуккандардын жалпы саны 88 726 адамга жетти, 1498 адам каза болду.

Бир күндө 70 киши сакайды.

Коронавируска каршы жарпырт эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталды. Вакцинаны алгачкылардан болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алды.

4-ЧЕКРЕКТИ АЙРЫМ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ОНЛАЙН ОКУЙТ

Бишкекте 4-чейректе 6-7-8-10-класстардын окуучулары онлайн режиминде окууну улантат.

Мурдагыдай эле 1-5-9-11-класстардын окуучуларына гана мектепке барууга уруксат берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева 30-марттагы брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул чечим коронавирустун жайылып жатышына байланыштуу кабыл алынды. Башкалаада айрым класстар кадимки тартипте окууга өткөн 18-январдан марттын башына чейин вирус 18 мектепте, 14 мугалимде жана 13 окуучудан табылды.

Кыргызстандагы мектептерде 20-мартта 3-чейрек аяктап, окуучулар каникулга тараган. 4-чейрек 1-апрелде башталат.

Буга чейин өкмөт 1-апрелден тартып бардык окуучулар мектептен окуй баштай турганын билдирген. Бала бакчалар менен жогорку окуу жайлардагы билим берүү жараяны да калыбына келтирилери айтылган.

АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КЫМБАТООСУ БОЮНЧА ЖК  МААЛЫМАТ УГАТ

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети күнүмдүк керектөөчү азык-түлүктүн, күйүүчү, майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана кыргыз-кытай чек арасындагы жүк ташуучулар боюнча чараларды угуу үчүн өкмөттөн маалымат алат.

30-марттагы комитет жыйынына вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков баштаган бардык өкмөт мүчөлөрү катышат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз өкмөтүн азык-түлүк жана башка товарлардын кескин кымбаттоосуна каршы чараларын угуу үчүн парламентке чакырышкан.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо өкүм сүрүп турган чак. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады.

Количество просмотров: 96