• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Пенсия көтөрүлөт. Жапаровду Тажикстанга кимдер коштоп кетти?

14 Аяк оона 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

ЖАП АРОВ ДУШАНБЕГЕ КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында: министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев; тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев жана энергетика министри Таалайбек Ибраев бар.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

ПЕНСИЯ КӨТӨРҮЛӨТ

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Маалыматка ылайык, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт, ага 3,9 млрд сом каралды. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1692 сомго көп.

Кошумчалангандай, 30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси азыркы кезде каралууда, ошол себептен кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсептери жүргүзүлүп жатат.

ӨКМ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 15-16-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кырсык катталган учурда “112” номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Количество просмотров: 280