• Дүйшөмбү 29 Бугу 2023
  • Понедельник 29 Май 2023

Соңку жаңылыктар: Пирназаров жаңы кызматка дайындалды. Жалал-Абадда 28 млн сомго гүлбакча курулат

4 мая 2023 в 14:00 Бишкек Govori.TV

ФИНКӨЗӨМӨЛ КЫЗМАТЫНА ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-майда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров аны дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Буга чейин Пирназаров Финансылык көзөмөл боюнча төраганын орун басары болуп иштеген.

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ МАЙ БЕРИЛЕТ

Министрлер кабинети аз камсыз болгон 120 миң үй-бүлөнүн ар бирине бир жолку жардам катары 10 литрден өсүмдүк майын таратуу чечимин кабыл алды.

Мындай чечим төрага Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Жыйындын күн тартибинде мындай башка дагы 9 маселе каралды.

ЖАЛАЛ-АБАДДА СЕЙИЛ БАК КУРУЛАТ

Капиталдык курулуш башкармалыгы Жалал-Абад шаарына сейил бак курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, тендердин пландалган суммасы 28 млн 289 миң 100 сом, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 22-май.

Количество просмотров: 66