• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Президент эки министрди кызматтан кетирди

27 Бугу 2019 13:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Президент эки министрди кызматтан кетирди
Президент Сооронбай Жээнбеков экономика министри Олег Панкратов менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды. «Бир Бол» фракциясынын сунушу менен кызматка келген мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев 24-майда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Былтыр айдалган картөшкө сатылбай, ороолордо чирип кеткендиктен министрликтин ишине сын-доомат көп айтылды. Өкмөттүн соңку жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дал ушул маселе боюнча Мурашевдин ишин сындаган. Мурашев бул министрликке жетекчи болуп 2016-жылдын аягында дайындалган. Экономика министри Олег Панкратов да 24-майда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Панкратов кызматтан кетишине өзүнө айтылган сын көбөйүп кеткени себеп болгонун билдирген.


Ош облусунда эки жолу жер титиреди
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-май күнү саат 00:33тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында үч баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
26-майда Ош облусунда күчү үч баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроо болгон жок.


Кадыр түндүн датасы белгилүү болду
2019-жылы орозонун Кадыр түнү болжол менен 31-майдан 1-июнга караган түнү өтөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады. Белгилүү болгондой, Кадыр түн орозонун 26сынан 27-күнүнө караган түнү өтөт. Быйыл бул убакыт 31-майдан 1-июнга караган маалга туура келет. Эске салсак, быйыл орозо айы 6-майда башталган.


Количество просмотров: 8