• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Президент Казакстанга кетти. Чек арада каза болгондор эскерилди

27 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АСТАНАГА КЕТТИ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кечинде Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына  тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев,  Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Казакстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев,  Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов,  маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бар.

ПОСТТОГУ ЧЕКТӨӨЛӨР АЛЫНДЫ

Бүгүн, 27-октябрь күнү саат 9:20дан баштап Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Сосновка бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-октябрь күнү эртең мененки саат 11:40да жасалма тыгындарды болтурбоо максатында, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу, Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

“Жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Анын негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз”, — деп айтылат маалыматта.

ЧЕК АРА ЧЫРЫНДА КАЗА БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

Баткен жана Лейлек районунун аймагында 14-17-сентябрь күнү орун алган тажик тараптын кол салуусунан 63 жарандын каза болгонуна 40 күн өттү. Буга байланыштуу шейит кеткендерди эскерип, аларга багышталып куран окулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан Мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматов жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, курман болгондордун жакындары, ошондой эле аксакалдар катышты.

Жалпысынан 250дөн ашык адам катышкан иш-чарада облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, каза болгондордун жакындарына өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтып, сабырдуулук каалады. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө каза болгондорго багышталып куран окулган.

Количество просмотров: 189