ЖАПАРОВ СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ
Президент Садыр Жапаров бир катар коомдук ишмерлерге, маданият, билим берүү тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлык тапшырды.
Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 29-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, бир катар инасандар Кыргыз Республикасынын эл артисти, II, 3- даражадагы “Манас” ордени, “Курманжан Датка” ордени, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”жана «Даңк» медалы менен сыйланышты.
ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЛДУ
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-декабрда саат 23:16да Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектеш аймагында жер титиреди.
Очогунда күчү алты баллга жетти. Ал эми Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында беш балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
БИШКЕКТЕ УНАА КҮЙҮП КЕТТИ
Бишкектин 12-кичирайонундагы гаражда токтоп турган Lexus 570 автоунааасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 28-декабрь күнү чыгып, бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Натыйжада тилсиз жоо саат 14:34тө толук өчүрүлдү.
Өрт кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу темир менен жабылган гараж жана Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.