• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сүлүктүдө шахтерлор каза болду. Өкмөт башчы Нарынга кетти

11 Бештин айы 2019 15:15 Бишкек Govori.TV

СҮЛҮКТҮДӨ 4 ШАХТЕР КАЗА БОЛДУ
Кыргызстандын түштүгүндө газга ууланып 4 шахтер каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынан алыс эмес жерде болду.
Алдын ала билдирүүгө ылайык, көмүр шахтасында газ чыгып, кесепетинен 4 жумушчу каза тапты.
Каза болгондордун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди, алардын экөө бир туугандар болгону айтылууда.


КУМТӨР БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ
Жогорку Кеңеште бүгүн «Кумтөр» боюнча комиссия түзүүнү талап кылышты. Мындай демилгени бир канча депутат көтөрүп чыкты. Төрага Дастанбек Жумабеков сунушту колдоду.
Буга алтын кендеги кырсык себеп болду. Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.
Учурда издөө иштери уланып, ага 94 кутаруучу жана 38 даана оор техника тартылган.
«Кийинки жумада өкмөт «Кумтөр» боюнча отчет берет. Ошондо дайынсыз жоголгондорду кандай издеп жатышканын сурайбыз», — деди Дастанбек Жумабеков. Бирок, эл өкүлдөрү буга нааразы болушту: компаниянын ишмердүүлүгү боюнча өкмөттүн отчету башка, кырсык такыр башка дешти.


АБЫЛГАЗИЕВ НАРЫНГА КЕТТИ
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы сапардын алкагында «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда инспектордук текшерүү комплекстин ишке киргизүү аземине катышат.
Ошондой эле Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салууга дагы катышат.

Количество просмотров: 109