• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Садыр Жапаровдун ант берүү аземи филармонияда өтөт. Коронавирус дагы 2 адамдын өмүрүн алды

21 Үчтүн айы 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 155 адамдан табылып, 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал эми бир сутка ичинде 136 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы билдиргендей, акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Учурда стационарларда коронавирустан 708 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 44 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 585 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 509 киши айыгып чыкса, 1 миң 394 адам каза болду.

ПРЕЗИДЕНТТИН АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИ ӨТӨТ

Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январь күнү өтөт. Маалыматка караганда, салтанат Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында болот.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

 Учурда Бишкек шаарында президенттин ант берүү аземине карата даярдыктар көрүлүүдө.

АКШга КИРҮҮГӨ КОЮЛГАН ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Кыргызстандын жарандарына карата АКШга кирүүгө чектөө коюлган буйрук кечээ, 20-январда жокко чыгарылды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

«Биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн соңку 12 айдын ичинде саякатка байланыштуу коопсуздук чараларын бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык-идентификациялык чиптерди камтыган Кыргызстандын электрондук паспорттору иштелип чыгып, пайдаланууга берүү баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн саякаттоого коопсуз жана ыңгайлуу болмокчу. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтү Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү чыңдады.

АКШ кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 52