• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Саламаттыкты сактоо министри COVID-19 жугузуп алды. Инандынын тарапкерлери кайрадан акцияга чыгышты

25 Кулжа 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир суткада дагы 875 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Ооруп жаткандардын арасынан алты адам көз жумганын COVID-19га каршы Республикалык штаб 25-июнда кабарлады. Ооруканада жаткан 2700дөн көбүрөөк адамдын миңге жакынынын абалы оор.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 25-июнда 119 миңге жетип калды. Алардын 107 миңден көбүрөөгү айыгып, 1964ү каза болду.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө жүздөгөн адамга оору жугуп жатат. Вируска чалдыккандардын теңинен көбү Бишкекте жана Чүй облусунда катталууда. Ош, Жалал-Абад облустарында да кайра күчөп баратат. Башка аймактарда да абал дурус эместигин адистер белгилешүүдө. Өлкөдө вакцина алгандардын саны 100 миңге жетти. Кыргызстандыктарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайылууда.

БЕЙШЕНАЛИЕВ КОРОНАВИРУС ЖУКТУРДУ

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 инфекциясын жугузуп алды. Бул тууралуу министрликтен тастыкташты.

Ал эми министрдин айтымында, ПЧР тестинин жыйынтыгы оң чыккан. «Мен аконитти үчүнчү күндөн бери ичип жатам, бүгүн жеңилдеп калдым. Кечээ жаман болчумун. Мен аралыктан иштейм», – деди министр.

Бир күн мурун, министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүүлөр берилди. Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

ИНАНДЫНЫН ЖАКЫНДАРЫ  МИТИНГГЕ ЧЫГЫШЫТЫ

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапкерлери 25-июнда кайрадан акцияга чыгышты. Ондогон жаран өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, бийликтен Инандыны табууну өтүнүп жатышат.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда. Анын тарапкерлери эки жумадан ашуун акцияларды тынбай өткөрүп турушту.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча милиция Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен кылмыш ишин козгогон, Интерпол да издеп жатканы айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын адвокаты 15-июнда билдирген

Количество просмотров: 166