• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сарыбашов мэрликтен кеткенин жар салды. Жаңы окуу жылы 2 жума кечирээк башталмай болду

12 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 12-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы алты адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2426 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 417 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 170 770 адамга жетти.
Бир күндө 743 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2382 адам жатат, дагы 3771 бейтап үйдөн дарыланууда.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ 15-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ
Кыргызстанда быйыл жаңы окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк, 15-сентябрда башталмай болду. Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгону 12-августта маалымдалды.
Өкмөт мындай чечимин кадимки окуу тартибине эпидемиологиялык абалга жараша бара-бара өтүп, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында барып жатканын, мугалимдердин айлыгына жана окуу процессине терс таасири болбой турганын билдирди.
Ошону менен катар коронавируска каршы эмдөөдөн бардык тийиштүү кызматкерлер өтө электиги айтылды.
Эки күн мурда Билим берүү жана илим министрлиги дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик мектептер менен бала бакчалар быйыл жаңы окуу жылында кадимки тартипте иштөөсүн уланта баштарын, кызматкерлеринин 70% ашыгы вакцина алганын билдирген

САРЫБАШОВ КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ
Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн мурда дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин 12-августта социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө айтты.
Өз сөзүндө ал ишеним көрсөткөнү үчүн президент Садыр Жапаровго рахматын айтып, “кызматты тапшырууда эч кандай саясат жок экенин” билдирди, “айрым себептерге байланыштуу жеке өзүмдүн чечимим” деп айтты жана “алдыда жакшы максаттар” бар экенин кошумчалап, ал тууралуу жакынкы арада кабарлай турганын белгиледи.
50 жаштагы Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келген.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Жаңы чакырылыштар өз сессиясында президент сунуштаган мэрлерди шайлап, же четке кагышы керек. Борбордук шайлоо комиссиясы бул эки шаарда мэр шайлоону 26-августка белгилеген

Количество просмотров: 269