• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шаардык кеңешке жаңы төрага шайланды. Ысык-Көлдө сел жүрдү

30 Теке 2021 13:59 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

30-июлга карата Кыргызстанда таажы илдетинен 10 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2311 адамга жетти. Соңку бир сутка ичинде вирус дагы 958 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 161 973 адамга жетти. Бир күндө 1485 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3888 адам жатат, дагы 11 483 бейтап үйдөн дарыланууда.

КОНГАНТИЕВ БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ БОЛДУ

Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Конгантиевдин талапкерлигин «Эмгек», «Ата Журт-Кыргызстан», «Ишеним», «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынан турган коалициялык көпчүлүк сунуштады. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп «Эмгек» партиясынан депутат болгон Токтосун Султанов шайланды. Конгантиев буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп келген. Кошумчалай кетсек, бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышы ишин баштады.

ЫСЫК-КӨЛДӨ СЕЛ ЖҮРДҮ

30-июлда таңкы саат 04:30дар чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон. Ысык-Көлдүн тескейиндеги кан жолдун 35-чакырымында жолдун айрым жерлерин сел алып кетти. Көлдүн тескей тарабындагы жол ачык. Ал эми Чолпон-Ата шаарында нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдү суу каптады. Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри, мекеменин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы чыгып кетишти. Азыркы учурда куткаруучулар иштеп жатат. Жабыркагандар катталган эмес.

Количество просмотров: 179