АЯНТТА ЖЕЛЕК АЛМАШТЫ
Бүгүн, 8-январда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган желек илинди.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер катышты.
Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь күнү белгилүү болгон. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, нааразычылыктар менен коштолгон.
ШАХТАДА КАЛГАН ЖАРАНДАР КУТКАРЫЛДЫ
Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» шахтасында урандынын астында калган 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кырсык тууралуу маалымат шахтанын кызматкерлери тарабынан 7-январда саат 19:49да түшкөн. Ыкчам түрдө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан алгач 8, андан кийин 10, жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.
Куткарылган жарандар “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилди.
Белгиленгендей, издеп-куткаруу иштери көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.
КҮРӨШ БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТӨТ
Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 8-11-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.