• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шекерди экспорттоого тыюу салынды. Президент бала тарбиялоодогу ата-эненин жоопкерчилигин эскертти

1 Кулжа 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДОГУ АТА-ЭНЕНИН РОЛУН БЕЛГИЛЕДИ

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда мамлекет башчысы Садыр Жапаров ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маселени козгоп, баланын адам болуп чыгуусу үчүн татыктуу тарбия берүү керектигин айтты.

Президент мамлекеттен кандай гана жардам берилбесин, эң негизги мээримди жана камкордукту бала өзүнүн бекем, туруктуу жана мээримдүү үй-бүлөсүнөн аларын белгилеп, баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду чоң экенин кошумчалады.

“Ата-энелерге балдарына туура таалим-тарбия берүүнү эч качан кечиктирбеш керектигин эскертер элем. Ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен нарк-насилдери менен балдарыбыздын келечегин эртеӊ эмес, мына бүгүн, азыр алдын ала ойлонуп, алардын адам болуп чыгуусуна татыктуу тарбия беришибиз абзел”, — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы балдарга кам көрүү маселеси мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелерин белгиледи.

МУГАЛИМ САБАГАН ОКУУЧУНУ КОЛДОО МИТИНГИ ӨТТҮ

Бүгүн, 1-юнда Билим берүү жана илим министрлигин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат.

Акцияга чыккандар » 1-июнь балмуздак таратчу күн эмес, балдарды агрессорлордон коргогула», «Зөөкүр коом балдардын шагын сындырат», «Мектептеги зомбулукту токтоткула!» деген жазууларды кармап турганын көрүүгө болот. Алар мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяны сындашты.

Эске салсак, 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте информатика сабагынан берген мугалим 7-класстын окуучусун сабап койгон. 25-майда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тарап, талаш-талкуу жаралды.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

ШЕКЕРДИ ЭКСПОРТТООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ  

Министрлер кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды, — деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Токтом Кыргыз Республикасынын аймагынан кумшекерди массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында иштелип чыккан.

Количество просмотров: 308