• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сох анклавына коридор берилбейт. Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат

15 Жалган куран 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-март күнү эртең менен берген маалыматына караганда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду.

Вирус 67 кишиге жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1483 кишини түздү.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 917 адамга жетти. Акыркы суткада вирустан 39 адам айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны — 83 875.

Стационарда дарыланууда 345 бейтап бар. Анын 17си өтө оор, 91и оор абалда жатат. Үй шартында 275 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды.

БАТКЕН БИЙЛИГИ СОХ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына жол ачат деген маалыматтар туура эмес деген билдирүү таратты.

Облустагы өкүлдүн бамса сөз кызматы тараткан маалыматта: “11-12-март күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган”, – деп айтылат.

Облустук бийликтин кабарлашынча, эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында пандемияга байланыштуу жабылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Кайтпас” көзөмөл өткөрмө бекетин ачуу макулдашылган. Ал жайдан өзбек жарандары кадимки чек ара эрежеси менен өткөрүлөт.

“Өзбек жарандары Кыргызстанга “Кайтпас” көзөмөл өткөрмө бекекти аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп “Өтүкчү” көзөмөл өткөрмө бекетинен текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет”, – деп жазылган облус бийлигинин маалыматында.

Облус бийлиги Сох анклавында аба каттамдарын ачууда аталган районду Өзбекстан менен байланыштырган чакан учактар учат деп түшүндүрдү.

ТАШИЕВ ТАЖИКСТАНГА БАРАТ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 15-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Ошондой эле Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине сапар алат.

“16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат. Анда Камчыбек Ташиев коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 74