• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сооронкулова ооруканага которулду. Түркияга жардам чогултуу уланууда

21 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

СООРОНКУЛОВА ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

Бишкектин №1 Тергөө абагында жаткан Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованы ооруканага жаткырууга уруксат берилди. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сооронкулова кечээ, 20-февралда дарыгердердин демилгеси менен даарылануу үчүн Бишкектеги жеке менчик ооруканалардын бирине жаткарылган,

Жаза аткаруу кызматы эгер дарыгерлер тарабынан тиешелүү тастыктамалар болсо, алар камактагыларды жарандык ооруканаларга которууга эч качан тоскоол болбой турганын белгилейт.

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган.

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ ЧОГУЛТУУ УЛАНУУДА

Бүгүн, 21-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 55 млн 757 миң 825 сом жана 14 миң 400 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

ЖАҢЫ АВТОБУС КАТТАМГА ЧЫКТЫ

Кечээ, 20-февралдан тарта Бишкек шаарында №19 автобус каттай баштады.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, автобус Ак-Ордо конушунан Кустанай көчөсүнө чейин жүрөт. Анын узундугу 36,6 чакырымды, интервалы 10 мүнөттү түзөт.

Линияда 11 автобус бар.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобус сатып алган. Алар 156 маршрутканы алмаштырат.

17-февралда автобустардын биринчи партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамга чыгып, бекитилген маршруттар боюнча №38, 42, 48 автобустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштаган.

Количество просмотров: 303