• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өспүрүмгө кол салган иттин ээси изделүүдө. Мурдагы вице-мэр камакта калды

5 Чын куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 5-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет дагы 139 кишиден аныкталды. Анын дээрлик көбү, 123ү Бишкек шаарында.

Бишкекте COVID-19дан бир адам каза болду. Жалпысынан бул оору 1507 адамдын өмүрүн кыйды.

Кыргызстанда коронавирусту жалпы 89 153 адам жуктуруп алды. Анын 85 миңден ашыгы сакайып чыкты. Ооруканада 648 адам бул илдет менен алышып жатат. 34 бейтап өтө оор абалда.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

ЭКС-ВИЦЕ-МЭР КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловду 31-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Алымкулов СИЗО-1 мекемесинде камакта болот. Мындай чечим 2-апрелде чыгарылган.

31-мартта Алымкулов жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, кымбат баалуу жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан.

ОКУУЧУГА КОЛ САЛГАН ИТТИН ЭЭСИ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Кечээ, 4-апрелде Бишкектин вицэ-мэри Айжан Чыныбаева 1-апрелде борбор калаада балага кол салган ит боюнча кеңешме өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, иттин ээси табыла элек.

“Аталган окуяга күбө болгондор балага кол салган иттин ээси тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү суранабыз. “102” кызматына кайрылсаңыздар болот”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия иттердин ээсине кутурма оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп, коомдук жайларда итке тумшук кап кийгизүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, 1-апрелде шаардагы балдар ооруканасынын травматология бөлүмүнө иттен жабыркаган 12 жаштагы бала жаткырылган. Окуя боюнча иш козголгон.

Количество просмотров: 91