• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Сууга чөккөн кыздардын жансыз денеси табылды. Бишкектин айрым аймактарында 2 күн суу жок болот

7 Теке 2023 14:07 Бишкек Govori.TV

СУУГА ЧӨГҮП КЕТКЕН КЫЗДАРДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Караколдо изделип жаткан 2 жана 5 жаштагы кыздардын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-июлда саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан 2 кыздын сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Каракол шаарында Чкалов №65 көчөсүндө 5 жана 2 жаштагы кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткенин, издөө жүрүп жатканын билдирген.

БИШКЕКТЕ СУУ ӨЧӨТ

Бишкектин борбордук бөлүгүнүн ири аймагында эки күн суу жок болот. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Суу 11-июль күнү саат 08:00дө өчүрүлүп, кайра 13-июлда саат 08:00дө берилет. Бул убакыт аралыгында Фрунзе көчөсү — Аламүдүн дарыясы — темир жол линиясы менен Панфилов көчөсүнүн аймагында суу өчөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат.

ТҮРКИЯДА ТАБЫЛГАН КЫЗ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Башкы консулдуктан билдиришти.

Маалыматка караганда Шамуратова 5-июль түнү апасы менен бирге Стамбул-Бишкек «Пегасус» аба каттамы менен Кыргыз Республикасына кайтып келген.

Эскерте кетсек, буга чейин Жазгүл Шамуратова Түркияда дайынсыз жоголгону тууралуу кабарланган. Ал Болгарияга кетүү үчүн Кыргызстандан Стамбулга 22-июнда учуп барып, 25-июнда бери дайынсыз болуп жаткан. Эки аптадан бери дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык 3-июлда кыз аман-эсен табылган.

Количество просмотров: 120