• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Свет мындан ары өчүрүлбөй калат. Чаначан кыз музга кирип кетти

23 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV


Ош облусуна караштуу Алай районунда муздун астынан 6 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылынан агып өткөн Чоң-Бүлөлү суунун жээгиндеги тоңгон муздун астына 6 жаштагы Д.А. аттуу кыз чана тээп жатып кирип кеткен.
Жерине 4 куткаруучу, ИИМден бир кызматкер, айыл аймагынан 8 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, кыздын сөөгүн муздун астынан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жарык өчүрүү графиги мындан ары өзгөрүлөт. Энергетика министрлиги кечээ, 22-январда Бишкекте жана Чүй облусунда жарык өчүрүлбөгөнүн айтат, анткени электр энергиясына болгон муктаждык азайды.
Ал эми графиктен тышкары жарыктын өчүрүлүшү кандай учурда болоорун эскертишти.
Сиздин аймакта белгиленген саатта колдонуу көп болбосо — жарык өчүрүлбөйт, бирок башка убакта жүк көбөйгөндө (мисалы, пландаштырылган өчүрүүдөн эки саат өткөндөн кийин) — жарыксыз отурууга туура келет.

Бүгүн, 23-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 889 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 112 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 863 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Россиянын жарандыгын алгандар мамлекеттен чыгарылбай жатат
Россиянын жарандыгын алган КМШ өлкөлөрүнүн атуулдарын Орусиядан чыгууга уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу тарыхый мекенине кетүүгө аракет кылып, бирок чек арадан өтө албай калган Кыргызстан менен Тажикстандынчек арасынан өтө албай калган бир нече жарандарга шилтеме берүү менен билдирди.

«Орус чек арачылары мага «сен мобилизациялык тизмеге кирдиң, бул мыйзам, 12-февралга чейин чет өлкөгө чыгууга укугуң жок» деп сылык түшүндүрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.

Башка булактардын маалыматында мигранттарга чакыруу кагаздары келет.Ошондой эле алар аскер комиссариатына чакырылып, куралдуу күчтөрдөн качкандар катуу жазаланаарын түшүндүрүшөт. Аэропорттордо Россиянын жарандыгы жок Борбор Азия республикаларынан келгендер мекенине эркин кайта алышат.

Количество просмотров: 597